Мектептен сырткары калган «көчө балдары», «базар балдары» менен иштөө бир эле социалдык кызматкерлер менен милициянын эмес, мугалимдердин, психологдордун ж. б. коомчулук өкүлдөрүнүн милдети болуп эсептелет. Канткенде бул көйгөй жоголот? Качан «көчө балдары» мектепке тартылат? Бул проблеманын жаралышына ким күнөөлүү жана миграциянын коомго тийгизген таасири кандай? Ушул жана башка ушул сыяктуу суроолорду талкуу боюнча атайын тегерек стол болуп өттү.

Тегерек стол Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетинде Социалдык иштер кафедрасы тарабынан уюштурулган. «Көчө балдарынын социалдык-укуктук проблемалары» аттуу талкууга окутуучулар, милиция кызматкерлери, юристтер, муниципалдык кызмат өкүлдөрү жана студенттер катышышты.

Аталган иш чарага»МУРАС» инновациялык колледжинин социалдык иштер адистиги боюнча окутуучусу Мамбеталы кызы Алтынай эжеке баш болгон студенттердин тобу катышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты.

Алтынай эжекенин студенттери дебаттарда, талкууларда өз ойлорун ортого салышып, өз билим денгээлин көрсөтө алышты. Муну менен алар өздөрүнүн кесипкөй адис, эртеңки күндүн мыкты кадрлары экенин айгинелешти. Албетте, уюштуруучулар тарабынан өзгөчө белгиленип, Алтынай эжеке жана студенттер ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Мындай иш чаралар студенттер үчүн практика гана эмес, кесипке киришүү да болмокчу.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *